Бишкектеги Германиянын элчилигинде митинг өткөрүштү
Бөлүшүү:
Бүгүн, 11-майда Бишкектеги Германиянын элчилигинин имаратынын алдында камакка алынган саясатчылардын тарапташтарынын митинги өткөрүлдү. Бул тууралуу нааразылык акциясын уюштургундар кабарлашты.
Негизинен митингге чыккандар Германиянын элчилигинен Европа Биримдигинин көңүлүн Кыргызстандагы айрым саясатчылардын камалышына бурууну сурап жатышат. Митингчилер колдоруна “Репрессияга жол жок!” деген жазуулары бар транспаранттарды кармап алышкан.
Митингге камакка алынган саясатчылардын жыйырмадай тарапташы катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content1409
Добавить комментарий ×