Кытайда жолборс сөөгүнөн шарап жасалат

4 май 2018 13:53 913 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөдө жолборс жоголуп бара жаткан жаныбарлардын бири болуп саналат. Азыркы кезде дүйнөдө Кытайды санабаганда 3500-4700 жакын гана жолборс калган. Ал эми Кытайдын өзүндө гана 5000 жолборс бар экен. Кытайлар ошол жолборстун сөөгүн шарапка салып ичишет. «Xiongsen Bear & Tiger Zoo» аттуу айбанаттар коругунун адистери жолборстун этин, сөөктөрү менен органдарын азык катары сатышкандыгы үчүн соттолушкан. 

Ал эми Кытайдын салтуу медицинасы жолборс сөөгү салынган суусундукту көпт өгөн ооруга каршы колдонушат экен. Ошону менен жолборс сөөгү майдаланып кошулган шарап чөйчөгу 800-долларга сатылат. Ал убакта адамдардын мындай азыкты аукциондордо ящигин 30 000долларга сатылганы да катталган. Мындай азыктардын мыйзамсыз экени маалым, ошол себептен Кытай бийлиги «жолборс сөөгүн ичкендерге» каршы мыйзамды 1993-жылы кабыл алып койгон. Дүйнөдөгү экологиялык агенттиктер менен уюмдар ушул фактыларды келтиришип, Кытай аткаминерлери соодалашкан аукциондорду жабуга сунуш киргизип жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content14085



Добавить комментарий