Баласын депкир менен сабап өлтүргөн аял 13 жылга кесилди
Бөлүшүү:
Ош шаардык соту 2-майда өзүнүн уулун депкир менен сабап жатып өлтүргөн аялга карата өкүм чыгарды.
1994-жылы Чүй областында туулган, Ош шаарында жашаган А. кызы Диана соттолду. Анын 4-класс билими болгон жана жолдошу менен ажырашып кеткен.
Диана 3-февралда адегенде колу менен андан кийин темир депкир менен 2015-жылы 25-июлда туулган өзүнүн уулу Бексултан Авазбековду сабап жатып өлтүрүүгө айыпталууда.
Эскерте кетсек, 11-февралда катуу сабалган бала Ош областтык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып эсине келбей жатып чарчап калган.
Ссылка: https://barometr.kg/content14077
Добавить комментарий ×