Дарыгерлер соданын дагы бир пайдалуу жагын түшүндүрүштү

13 июнь 2022 09:40 1435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сода аутоиммундук оорулардагы шишиктин азаюсуна таасир берет. Бул тууралуу Джорджия  медициналык колледжинин илимий кызматкерлери маалымдашты деп билдирет “MedicalXpress”. 

Америкалык дарыгерлердин айтуусу боюнча, сода ашказандагы кычкылды бөлүп чыгарууга жардам берет. Жыйынтыгында патогендик клеткаларды жоюлуп, тамак-ашты сиңирүү тездейт. 

Дарыгерлер соданы колдонуу боорго көп күч келтирбейт деп эсептешет. Натыйжасында, M1 макрофагтарынын саны – ооруга чалдыктыруучу иммундук клеткаларды азайтат. 

Ошону менен бирге, M2 ооруга каршы клеткалардын саны көбөйөт. Муну эксперттер чычкандарга сынап көрүшкөн. Колдоноордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыз!  

Ссылка: https://barometr.kg/content14071



Добавить комментарий