4-май: бир аз жаан жаайт, бирок аба +25 градуска чейин ысыйт
Бөлүшүү:
4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25; Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26; Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27; Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20; Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content14060
Добавить комментарий ×