Атасы дарыгердин жардамысыз эле уулунун тишин жулуп салды (видео)
Бөлүшүү:
"Въетнамдагы Лаокай өлкөсүнүн тургуну уулунун бошоп калган сүт тишин арбалеттин жардамы менен жулуп таштады. Ал баласынын психикасына оорчулук түшүргүсү келбегендиктен тиш дарыгерине кайрылган эмес”,-деп билдирет “life.ru” сайты.
Уулунун тынчын алган сүт тишин ооруканга барып убакыт короткусу келбеген ата, аны үй шартында жулуп таштоону туура көргөн.
Ал калың жиптин бир башын баланын тишине, ал эми экинчи жагын арбалет жаасына байлап таштаган.
Жыйынтыгында бала арбалеттен жаа атылганда анын тиши да кошо жулунуп кеткен. Ал керек болсо эмне болгонун түшүнбөй да калган.
Интернет колдонуучулары бул видеого байланыштуу эки түрдүү пикир билдирүүшүдө. Бири жаш атанын кылыгын көрүп мактаса, экинчилери бул аракети өтө кооптуу экенин айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content14048
Добавить комментарий ×