Этти сүрсүтө турган аппарат ойлоп табылды

3 май 2018 14:55 1023 Barometr
Бөлүшүү:
ok
АКШда турган моңгол жигити этти сүрсүтө турган аппарат ойлоп тапты. 
Чет өлкөдө жашаган моңголдордун мекенинен тапшыруу менен алдырган азыктардын көпчүлүк бөлүгүн курут, сүрсүгөн эт сыяктуу тамак-аштар түзөт. Ошого байланыштуу АКШда жашаган моңгол жигити эт сүрсүткөн түзүм жасап чыгарган. Анын автору Чынгыз Гант бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
 
Аны желе колдонуучулары жактырып, ал көп жолу бөлүшүлгөн.
 
«Сүрсүгөн этти канчалык жакшы көрсөм да АКШда мындай мүмкүндүк жарала бербей тургандыгы белгилүү. Ошондуктан өз колум менен сүрсүгөн этти жасаган аппарат жасадым. Ашыкча үн чыгарбай иштеген, электр энергиясын аз короткон эң жакшы ойлоп табуум болду. Жаңы каражатты «Borts Maker» деп атадым. Даамы сүрсүгөн эттикиндей. Көпчүлүк алкыш айтууда» - деп жазып калтырган ал.
Ойлоп тапкыч бул аппаратты жасап чыгыш үчүн болгону 13,5 доллар жумшаган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14045



Добавить комментарий