Жер силкинип 100дөн ашык адам зыян тартты
Бөлүшүү:
"Ирандын Ясудж шаарындагы жер силкинүүдөн 105 адам зыян тартты”,- деп билдирет “Tasnim” сайты.
Жергиликтүү медициналык жардам көрсөтүү борборунун башчысы Джалал Поуранфардын айтуусу боюнча, жаракат алгандардыңн ичинен 32 адам ооруканага жаткырылды, 65 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.ал эми калган жарандарга окуя ордунан медициналык жардам берилди.
Буга чейин табияттын кырсыгынан 76 адам зыян чекти деп маалымдалууда.
АКШ геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөө Ясудж шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө 5,3 магнитудасы менен болду. Очогу бир нече ондогон метр тереңдикте болгон
жер силкинүүнүн натыйжасында шаардын инфракурулушу менен электр тармагына материалдык чыгым келтирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content14043
Добавить комментарий ×