Путинди инаугурации аземи 7-майда өтөт
Бөлүшүү:
Россия президенти Владимир Путинди салтанаттуу инаугурация расими адаттагыдай Москвада кортеж менен коштолбошу мүмкүн. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты маалымдайт.
Ошону менен бирге, инаугурациянын акыркы сценарийи дагы бекитиле электиги аталып өттү. Салтанаттуу расмий иш-чараны жакынкы арада уюштуруу пландалып жатат.
Мурдагы инаугурацияда Путин автоунаа менен Кремльге чейин Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызмат мотоциклчилердин эскортунун коштоосу менен өткөн.
Буга чейин, 18-апрелде РФ Президенти «Кортеж» жобосунда автоунаа менен жүрөрү тууралуу кабарланган эле.
РФ президентинин инаугурация аземи 7-майда өтөрү пландалып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14042
Добавить комментарий ×