Бир түндө үч эшекти уурдап кеткен жаш жигит кармалды
Бөлүшүү:
Нарын областынын тургуну эшек уурдоого айыпталып кармалды. Бул тууралуу Нарын областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Күңгөй айылынын жашоочулары арыз менен кайрылган. Алар бир түндө эле, тактап айтканда 17-апрелден 18-апрелге караган түнү короолорундагы эшектерин уурдатып жиберишкенин маалымдашкан.
Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери башталып, кылмышка шектүү делип Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы тургуну кармалды.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content14041
Добавить комментарий ×