Өлүм алып келген жол кырсыгы. Бишкекте өспүрүмдү унаа менен койдуруп кетишти

11 май 2017 14:26 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте өспүрүмдү унаа менен койдуруп кетишти. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматкери Таалайбек Бугубаев билдирди.

 Кечээ, 10-майда болжол менен саат 22.00дө Кудайберген базарынын аймагында, Патриса Лумумба көчөсүндө өлүм менен аяктаган жол кырсыгы катталды.

“Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Mersedes Benz үлг үсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып 2001-жылы туулган, Бишкектеги №42 мектептин 8-классынын окуусун сүзүп кеткен. Ооруканага бара жаткан жолдо өспүрүм каза тапты. Учурда унааны кармоо иши жүрүп жатат. Айдоочуну издеп жатышат”,-деп айтты ал.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарындагы ТЭЦ аймагында мектепте окуган кызды унаа сүзүп кеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1404



Добавить комментарий