Сузакта жер көчкү кайрадан активдеше баштады

3 май 2018 13:43 728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын Сузак районунда жер көчкү кайрадан жыла баштады жана Көк-Арт дарыясын бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүп Көк-Арт дарыясын бөгөп калган. Учурда топтолгон суу болжол менен 1 миллион 200 миң метр куб. Суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агууда. Учурда жер көчкү болгон жерде ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу иш алып барып, көчкүнүн көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп маалымдашты ӨКМдан.  

Ссылка: https://barometr.kg/content14038



Добавить комментарий