Өкмөт HD форматындагы 140тай телеканалды өнүктүрүүнү убада берүүдө

11 май 2017 13:55 339 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстан  санариптик берүүгө өткөн учурда HD форматындагы 140ка чейинки телеканалды өнүктүрүүгө болот. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары  Айнура Темирбекова билдирди.   

Анын айтымында, Кыргызстанды Женева аймагына кошуу жөнүндө келишимге ылайык республика 14 жыштыкка-мультиплекстерге ээ болгон. 

“Буга байланыштуу биз HD форматындагы 140тай телеканалды өнүктүрсөк болот. Бүгүн мультиплекске 15 канал кирген, 4 мультиплекс түйүн куруш үчүн «Кыргызтелекомго» которулган. Алар $2,6 млн  доллар жеке каражатын коротуу менен аналогдук берүү датчиктерин санариптик кылып которушту. Ошондой эле  2 мультиплекс жеке телеканалдарга аксыз берилет”,-деди Темирбекова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1403



Добавить комментарий