Президент иш сапары менен Ысык-Көл областына барды

3 май 2018 12:18 615 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 3-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областына эки күндүк жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушат, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден бери жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content14025



Добавить комментарий