96 жаштагы ардагер университети бүтүп дипломун алды
Бөлүшүү:
Американын Огайо штатындагы Толедо шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери 68 жыл мурун таштап кеткен университетинин дипломун алды. Бул тууралуу “Associated Press” басылмасы билдирет.
1950-жылы АКШ аба жана деңиз кызматынын учкучу Боб Баргер Толедо университетине тапшырган. Үч жылдан кийин ал сабака барбай калган. Анткени үй-бүлөсүн багып, жумуш иштегендиктен анын окууга барууга убакыты калбай калган. Бир нече жыл мурун бул тууралуу окуу ордунун кызматкери билип калат. Ал кызматкер арзивди карап чыгып Баргер окуган курстар анын диплом алуусуна тоскоолдук жаратпастыгын аныктап чыгат. Себеби азыр студенттер бул окуу ордунун дипломун эки жыл билим алгандан кийин да ала алат. Ал эми 1950-жылы мындай диплом болгон эмес.
Эми 96 жаштагы карыя Толедо университетинин тарыхындагы жашы улуу бүтүрүүчү болуп калды.
«Мен бул тууралуу кыялдаган да жок элем», — деди Баргер.
Ардагер диплом алгандан кийин жакшы жумуш таап, ал жерде гольф ойноп алсам деп тамашалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content14024
Добавить комментарий ×