Унитазга караганда желим бөтөлкөдө бактерия көп

3 май 2018 09:48 1415 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Изилдөөчүлөр суу ичүүгө арналган желим бөтөлкөнү көп пайдалануу менен адам өз ден-соолугуна зыян келтирет деген жыйынтыкка келип жатышат.
 Узак жылдар бою жашоодо желим бөтөлкөнү пайдалануунун зыяндуулугу тууралуу айтылып келет. Анткени желимдин (пластмасса) курамында ден-соолукка зыян келтирген химиялык хаттар бар.
Пластмасса жасаган учурда колдонулган “ВРА” же бисфенол сыяктуу заттар адамдын репордуктивдүү кызматына терс таасир тийгизери далилденген.
Өзгөчө, бул элемент аялдардын организмине өтө эле чоң зыян тийгизет. Адистердин билдирүүсү боюнча, “ВРА” суюктугу менен бирге аялдардын организмине түшкөндөн кийин сүт бези рагы жана эндометриоз сыяктуу оорулардын өрчүп кетүүсүнө түрткү берет экен.
Суу ичүү үчүн желим бөтөлкөлөрдү колдонгон спортчулардын катышуусу менен атайы изилдөө жүргүзүлгөн. Бир нече ирет колдонулган бөтөлкөнүн 1 чарчы сантиметринде болжол менен 900 000 бактерия табылган. Ал эми бул унитазда кездешкен бактериялардан да көп.
 
Ушул учурда адистер адамдарга желим бөтөлкөлөрдү бир жолу гана колдонууга кеңеш беришет. Же болбосо суу ичүү үчүн чыныны же дат баспай турган бөтөлкөнү пайдаланган оң.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14013



Добавить комментарий