Сибир жарасы дарты катталды

3 май 2018 09:16 1859 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Россия Федерациясынын Колдонуучулардын укуктарын коргоо жана адамдын жашоо-турмушун көзөмөлдөө жөнүндөгү Федералдык кызмат Кытайда күйдүргү оорусу катталганын маалымдады. 
 «Нинся автономиялык округундагы жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча, аймактагы үч адамда сибир жарасы же күйдүргү дартына чалдыккан учур катталган. Үч адам ооруну уй менен койдон жуктурган», - деп кабарланат маалыматта.
Ооруну жуктурган үч адамдын бирөө көз жумса, экөө ооруканада жатат, андан башка 25 адамдын ооруну жуктурган дамдар менен карым-катнашта болгону аныкталган.
“Ал аймактарда карантин жарыяланып, малдын этин саткан базарлар жабылды», - дейт адистер.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14009



Добавить комментарий