Өзгөн районунда кайрадан жер көчкү түшүп, 45 үйдү басып калды

11 май 2017 12:31 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош областынын Өзгөн районунда  жер көчкү түшүп, 45 үйдү басып калды, электр түркүктөрү кыйрады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

10-майда Жалпак Таш айыл окуругуна караштуу Курбу - Таш  жана Маркс айылдарынын ортосунда болгон жер көчкү 45 үйдү, акушердик пунктту, мечитти, электр түркүктөрүн, айылдын көрүстөнүн жана мектептин фундаментин басып калган.

 Маалыматка таянсак, жер көчкү түшкөн аймакта 4 социалдык объект жана 61  турак үй жайгашкан. “Топурак жылып жатат жана ал дайыма байкоодо болууда”,-деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/content1400



Добавить комментарий