Таштанды челегинен алтын эритмелерин таап алды
Бөлүшүү:
Короо тазалагыч таштанды челегинен жүз миңдеген долларлык алтын эритмелерин таап алды. “РИА Новости” маалыматында караганда Түштүк Кореяда короо тазалагыч таштанды челегинен кадимки алтындын эритилген куймаларын таап алган. Инчхон шаарынын эл аралык аэропортунан табылган олжонун наркы 350 миллион вон (327 миң доллар) болгон.
Полиция билдиргенине караганда эгерде бул алтындын ээси жакынкы 6 айда табылбаса анда бул олжонун ээси расмий түрдө короо тазалагыч болуп калат.
Эгерде ээси табылып калса, короо тазалагычка алтындын рынок базарындагы баасы менен 20 пайызы берилет.
Бирок, алтын куймалары эч кандай кылмыш ишмердүүлүгүнө катышуусу болбошу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/content13957
Добавить комментарий ×