Эркек киши кызды зордуктап, видеону интернетке жүктөйм деп коркуткан

30 апрель 2018 19:37 1056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто 26 жаштагы жергиликтүү тургун Т. Д., кармалды ал 2017-жылы декабрь айында 24 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.   

Кыз арыз менен милицияга кайрылган. Ал кыздын ата-энесине айтам деп коркутуп жана интернетке видео жүктөйм деп опузалаган. Ушундай жол менен кызга бир нече ирет зомбулук көрсөткөн. Акыркы ирет ал кызга 27-апрелде Ак-Буура дайрасынын жээгинде күч колдонгон.

28-апрелде эркек киши кармалып, ага карата эки берене- “зомбулук” жана “сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү адам камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13938



Добавить комментарий