Энеси эки баласын өрттөп жиберип, өзү эс алууга жолдомо алган

28 апрель 2018 23:08 2404 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Россиянын Нижегород облусунда 27 жаштагы келин эки баласын өлтүрүп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу “life.ru” сайты маалымдайт.
 
Ал үч жаштагы кызы менен эки жаштагын уулун унаанын арткы орундугунда отурганда муунтуп өлтүрүп, Шалдеж айылынын жанына барып өрттөп салган. Бирок аңчылар өрттү байкап калуусу мүмкүн экенин түшүнүп, өрттү өчүрүп, балдардын сөөгүн машинага салып алып, Нижний Новгородко келген. Бош турган курулуш имаратына алып барып кайра өрттөгөн. Өзү окуя болгон жерден качып кеткен.
 
Келин ажырашкан жана эч жерде жумуш иштеген эмес. бирок ал ай сайын унааларды ижара алып 40 миң рубль коротуп турган. Ошондой эле, балдарын өлтүрөрдөн мурда чет жерге эс алууга жолдомо алган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13912



Добавить комментарий