Акча үчүн 20 сантиметрлик зымду жутту
Бөлүшүү:
Кытайдын Чэнду шаарынын тургуну бир жылга жакын болоттон жасалган 20 сантиметр ичке зым менен жүргөн. Дарыгерлер ага операция жасашты. Бул туралуу “лайф.ру” сайты билдирет.
Өткөн жылы ал адамга бирөө зымды жутсаң, беш миң юань берем деп убада берген. Акча үчүн ал зымды шариктүү калемдин желим сыртына салып жуткан.
Бир нече ай өткөндөн кийин зым дагы деле ичинде жүргөнү анын эсине келет. Бирок анын эч жери ооруган эмес. Ошондо дарыгерге көрүнүүгө чечим кабыл алат. Рентгенден зымдын ашказанда туруп калганы аныкталат. Хирургдар аны алып чыгуу үчүн бир жарым саат операция жасашкан.
Кыйтай жараны операцияга 20 миң юань төлөгөн (миллион сомдон ашат).

Ссылка: https://barometr.kg/content13905
Добавить комментарий ×