Жаңы төрөлгөн британ ханзаадасын Луи Артур Чарльз деп аташты
Бөлүшүү:
Бала 23-апрелде Лондондун Паддингтон шаарындагы жайгашкан Сент-Мэри ооруканасында дүйнөгө келди. Бул Кембридж герцогу жана герцогинясынын үчүнчү баласы.
Луи аттуу ысымга анын улуу агасы Джордж да ээ, толук аты Александр Луи Джордж.
Иниси төрөлгөндүгүнө карабастан, ханыша Шарлотта тактагы төртүнчү орунду сактап кала алды.
2013-жылга чейин тактын мураскерлери тууралуу мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилген. Анда кичүү иниси төрөлгөн кезде тактын мураскери өз ордун автоматтык түрдө бошотуп берчү эле.
Биринчи эки баласын Кембридж герцогу жана герцогинясы салттуу ысымдар менен аташкан - падышалык үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрү менен байланышкан.
Эскерте кетсек, Кейт Миддлтон үчүнчү баласын 23-апрель күнү Паддингтондо дүйнөгө алып келди.
.jpg)
Ссылка: https://barometr.kg/content13884
Добавить комментарий ×