ГАИ кызматкерин урган айдоочу кармалды (видео)

28 апрель 2018 11:40 2077 Barometr
Бөлүшүү:
ok
УОБДД инспекторун урган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын 27-апрелинде болжол менен 14630 чамасында Бишкек шаарынын Чү жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кайгуул кызматынын инспектору менен «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусунун ортосунда кагылыш болгон.
""Бишкек Парк" соода борборунда бомба коюлду деген жалган маалыматка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер инспекторлору жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында көчөнү жабышкан. Бул маалда аталган аймакка "Дэу-Нексиа" унаасынын айдоочусу кирүүгө арукет кылган. Инспектор айдоочудан унаасын алуусун өтүнгөн жана абалды түшүндүргөн. Бирок айдоочу инспектордун бир нече талабына баш ийбестен, айдап кирүүгө аракет кылган. Андан соң мыйзамга ылайык инспектор унаанын мамлекеттик номерин чечип алууга аракет кылган.
Бул учурда айдоочу түкүрүнүп, кызматкерди бетке чаап салып, унаасын айдай качкан. Азыркы учурда айдоочу кармалып Биринчи май райондук ИИБнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.Тергөө иштери жүрүүдө”,-деп кабарлады ИИМ басма сөз кызматы.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13883



Добавить комментарий