28-апрель: абанын температурасы +26 градус ысыйт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 28-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 24…26 градус жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content13871
Добавить комментарий ×