Балдарды зордогондорго өлүм жазасы киргизилет
Бөлүшүү:
Эл президенттин гана мыйзамга кол коюсун кутүп жатат.
Индия бийлиги 12 жашка жетпеген кыздарды зордуктаган педофилдерди өлүм жазасына кесүү тууралуу мыйзам чыгарды. Бул тууралуу “The Hindu” басылмасы билдирет.
Аталган жарлык өлкөдөгу балдарды сексуалдык кылмыштан сактоо үчүн кабыл алынууда. Жаңы мыйзам боюнча зордуктаган кылмышкерге эң аз дегенде 20 жыл берилет. Минималдуу түрдө – өмүрүнүн аягына чейин абакта камалат же өлүм жазасына кесилет.
Ал тобу менен зордук көрсөткөн болсо кылмышкерлер өмүр бою соттолот же өлүм жазасына кесилет.
Мындан сырткары, 16 жашка чейинки кыздарды зордуктагандарга жаза күчөтүлдү - эң төмөнкү жаза 10 жылдан 20 жылга чейин каралат. Аялды зордуктаганы үчүн кылмышкер кем дегенде 10 жылга камалат.
Индияда 8 жаштагы кызды ибидатканада бир жума бою зордогон. Андан кийин өлтүргөн. Бул ишке катыштуу 8 адам кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content13859
Добавить комментарий ×