Туулган айына карай аял затынын мүнөзү

27 апрель 2018 14:12 33461 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Январь 
 
Бул айда эң чыдамкай аялдар дүйнөгө келет. Эркек мүнөздүү келишет. Башындагы маселелни эч кимге айтпай, өзү чечет. Тамак бышырганды жакшы көрөт. Ал эми үй жыйнаганды жактырышпайт.
Февраль
 
Бул айда өз бетин бербеген жана оор мүнөздүү айымдар дүйнөгө келет. Өтө ачууусу тез келгени менен  чыдамкай келишет. Алар кыйынчылыктан коркпой, тез чечим кабыл алышат. Бирок, бул чечим ар дайым эле туура боло бербейт. Тез таарынып жана как сактайт. Адамдар менен жакшы тил табшат, ошондуктан жумуш жагынан жолу болгуч. Кичинекей балдарды жакшы көрөт.
Март 
 
Өтө назик  жандуу аялдардын төрөлгөн мезгили. Ошону менен бирге, өтө тажаал. Кээде өздөрүн бактысыз деп эсептешет. Өздөрүнүн уялчак мүнөздөрүнөн ийгиликке жете албай калган кездери да болот. 
 
Апрель 
 
Бул айда туулган айымдар өздөрүнүн эр жүрөк мүнөздөрү мене айырмаланат. Өздөрүнө эмне керек экенинин билишет, жана ага карай жай, бирок, ишенимдүү түрдө алдыга умтулушат. Эмоциясы акылынан ашык кетет.
Май
 
ишенимдүү жана өз ишине жоопкерчилик менен карган жандар. Көп кечире беришпейт. Анын кесепетинен күйөөсүнөн айрылып калуга да даяр. Бирок, кийин бармагын тиштеп калуусу да мүмкүн. Эң биринчи орунга акчаны коюшат.
Июнь 
Сулуу жайдын биринчи айында дүйнөгө келген назик айымдардын башкы мүнөзү- эптүүлүгү. Алар өтө таарынчак жана кек сактагыч. Бирок өтө мээримдүү болгондугунун аркасында баардыгын унутуп да коюшат. Ушакты таптакыр жактырышпайт.
Июль
 
Бул айда өтө уялчаак жана тартынчаак жандар төрөлгөн. Алар ар дайым баардыгына санааркап жүрүшөт. Өмүрүнүн болгон учурун маанайына жараша чечим кабыл алат.  Романтиканы жактырышат. Үй жана үй-бүлө аларда биринчи орунда.
Август
Эң намыскөй аялдар ушул айда төрөлөт. Ошону менен бирге өтө мээримдүү болушат. Ар бир жерде башчы болгусу келет. Өзүнө эркектерди арбатып алганы менен өз сүйүктүсүн гана жактырат. Ар дайым чындык жакта болот. Бирок, көп алданат. 
 
Сентябрь
 
Өзүн- өзү катуу сүйөт. Көңул чордонунда болгонду жактырат. Кычганчаактыгы да бар. Ал эми аялдык касиеттерине келсек тазалыкты жактырат. Тамактуу таттуу бышырат.
Октябрь 
 
Жөнөкөй жана баарынын тилин тапкан аялдар. Маселени шашпай ойлонуп чеччет. Көп кечире бербейт. Бирок үй-бүлөсүн сактап калууга көп күч жумшайт.
Ноябрь 
 
Өзүн жакшы көрөтжана эгоист. Аны менен кошо бардыгын үнөмдөй берет. сүйүүгө келгенде өтө таасирлүү. Терең жана катуу жакшы көрө билет.
Декабрь
Коркпогон жана ар бир кыйындыкка каршы сүзө алган аялдар. Адам тандабай сүйлөшүп кете берет, романтикага жакын жана өтө ишенимдүү курбу.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13850



Добавить комментарий