Касымбековду «Алтынкендеги» ишке кабыл алууда баш тартышкан эмес
Студент-практикант Ихтияр Касымбековду “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коомуна жумушка кабыл алуудан баш тартышкан жок, азыркы учурда ал резервде турат. Бул тууралуу "Алтынкен" алтын казып алуучу компаниясынын адам ресурстары башкармалыгынын орун басары Лилия Брынцова маалымдады.
Түшүндүрө кетсек, буга чейин Ихтияр Касымбеков айрым ЖМКларга кайрылып, «Алтынкен» алтын казып алуучу компаниясына окутуудан жана практикадан өткөнүнө карабай аны ишке кабыл алынбай жатканын айтып даттанган.
Буга байланыштуу «Алтынкен» компаниясы Касымбековдун окуусу боюнча маалымат берди.
Брынцованын айтымында, Ихтияр Касымбеков чындыгында эле «Алтынкен» ЖЧКсында компаниянын эсебинен окуудан өткөрүлгөн, эки жыл бою стипендия алып турган.
Студенттер ысык тамак, маршурттук такси, 2000 сом өлчөмүндө стипендия менен камсыз болушкан
2015-жылы августка карата студенттердин саны 266 адамды түзгөн. 2014-жылы 25-октябрда Чим-Булак объектинде алтын алуучу фабриканын курулушу аяктагандан кийин практика башталган. Көпчүлүгү башка жумуш таап алышып практикадан баш тартышкан. Адегенде окугандарды жабдууларды орнотууга тартышкан. Практика маалында айлык акы күнүнө 250 сомго бааланчу. Компания ошондой эле үч маал ысык тамак, атайын кийим жана бут кийим менен камсыздаган.
Касымбеков Ихтияр бөлүү жана майдалоо участогуна аппаратчы катары которулган. Практика маалында ал “апам ооруп жатат” деп бир нече ирет суранган. Бул себепке байланыштуу ал акысыз отпуска алган. Жетекчилик анын суранычына макул болгон. Киийнчерээк ал ремонт-механикалык цехине слесарь-ремонтчу катары суранган. . Аны которушкан. Бул жерден РМЦнын механиги даттанган- Касымбеков суранбай эле жумушка чыкпай койгон. Акыркы ирет жумушка чыкпай койгондон кийин ал ага военкоматтан келишкенин жана кармап кетишкенин мунун айынан бир апта жумушка чыкпай калганын айтып түшүндүргөн. Бир нече ирет эскертүү бергенден кийин механик бул практиканттын окуудан өтпөй калганы тууралу рапорт жазган.
Ихтияр дайыма телефон чалып жана бош орундар барбы деп сурап турчу, бирок ага конкурстун жалпы негиздери боюнча катышууга эч ким тыюу салган эмес. Ал катышкан акыркы маектешүүдө, тактап айтканда 2017-жылдын 27-декабрында “Машинст конвейер” бош оруну болгон. Ал алтынчы орунду алып калган. Компанияда бош орунга талапкерлерди катар орундар боюнча кабыл алуу каралган. Көбү муну билет жана өз кезегин күтүп жүрушөт. Бош орун болор замат кезек боюнча компания жумушка чакырат.
Азыркы учурда мурда окуп кеткен үч студент телефон чалып кызыгышууда, алардын экөө маектешүүгө катышты.
Өз кезегинде КРнын Тоо-металлургия кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Таджибаев жагдайга комментарий берип жатып, мындай шартта келишим долбоору бузулбаганын айтты.
"Окутууну тармактар аралык борбор компаниянын каражатынын эсебинен ишке ашырган. Мага белгилүү болгондой келишимде компанияда окуу курсунан өткөндөн соң милдеттүү түрдө жумушка алынсын деген каралган эмес. Ага карабай курстан өткөндөрдүн 90 пайызы “Алтын кенге” жумушка орношкон. Компания тескерисинче окуудан өткөн кардрларды ишке алууга кызыкдар. Студенттин даттануусуна келе турган болсок, ал айтып жаткандай “жумушка кыргызстандыктарды эмес кытайлыктарды алышат” дегени чындык эмес. Келишимде компаниянын кызматкерлеринин 90 пайызы кыргызстандыктар, 10 пайызы чет элдик жарандар болушу керек деп так жазылган. Компания бул келишим нормаларын бузган жок”,-деп айтты Таджибаев.
Азыркы учурда компанияда 950 кыргызстандык жана Кытайдын 53 жараны иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13825
Добавить комментарий ×