16 жашка толо элек балдарга “WhatsApp” колдонууга туюуу салынат

25 апрель 2018 17:41 1566 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Мындан кийин “WhatsApp” мессенджерин Европада колдонуу үчүн адам жашына байланыштуу чектөөлөр киргизилет. Эми сервис 16 жашка толо электер үчүн кызмат кылбайт. Бул тууралуу “ria.ru” сайты билдирет.
«Кийинки айдан тартып Евро кеңеш купуялуулукка байланыштуу мыйзамга өзгөрүү киргизет. Эгер сиз европада жашай турган болсоңуз, биздин сервисти колдонуу үчүн 16 жашка толуу керек», - делет маалыматта.
Мессенджердин өкүлдөрү муну кандай ишке ашыра тургандыгы биелгисиз. Башка мамлекеттерде турган тиркеменин колдонуучулары туруп жаткан өлкөнүн мыйзамына каршы келбесе, 13 жашка толгондон кийин колдоно берүүгө укуктуу.
Май айынын аягынан тартып 16 жашка толбогон балдар бул тиркемени тиркелүү үчүн ата-энеси же болбосо камкорчулукка алган адамдан уруксат алуусу керек.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13776



Добавить комментарий