Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары сүйлөштү
Кечээ, 21-апрелде, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалап кетти.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-казак эки тараптык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар өз ара пайдалуу диалогду мындан ары өнүктүрүү жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content13637
Добавить комментарий ×