Имам кол алдындагылардан мечитти оңдоого акча табууну талап кылды

18 апрель 2018 10:37 1075 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Фергана облусундагы Риштан районунун башкы имамы Мухаммаднаби Орипов жергиликтүү имамдарга Рамазан айына чейин мечиттерди оңдоо үчүн калктан садака чогултууну буюрду.

Бул тууралуу Telegram мессенжери аркылуу аталган райондогу мечиттердин биринин имамы кабарлап, жыйында жазылган делген аудиожазууну салып жиберген. 12-апрелде жазылган аудиодо эркек кишинин чогулгандарга орой түрдө кайрылып, тилденгенин угууга болот.

 

«Рамазанга даярдыкты баштагыла. Кайдан издейсиңер билбейм, бирок акча тапкыла. Б...дь, ар кандай курулай шылтоолорду айтпагыла. Мен силерге жүз пайыздык ыйгарым укук берип жатам», – деген үнү имам Мухаммаднаби Ориповго окшогон адам.

«Мени жакшылап уккула, бул бардыгыңарга тиешелүү! Акча чогултуп анан айлыгыңарды ала бергиле. Эгер кимдир бирөөгө айта турган болсоңор, аныңарды бир жериңерге тыгып коем. Эркекче айтам. Эч ким эч нерсе далилдей албайт», – деген ал чогулгандарга кайрылып.

«Мухаммаднаби Орипов өтө тартипсиз адам. Имамдар, алардын орун басарлары жана мечит кызматкерлери апта сайын анын тилденген сөздөрүн угуп жатып көнүп деле калышты», – деди райондогу мечиттердин биринин имамы.

Мухаммаднаби Ориповдун өзү«Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы менен болгон маегинде имамдарды мечиттерин таза кармабагандыгы үчүн сындаганын билдирди. «Билбейм. Мен аларды сындагам, бирок тилденбесем керек эле. Мен алар мечиттерин оңдоп, таза кармашы керектигин айттым», — деди ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13495



Добавить комментарий