Инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү талкууланды

18 апрель 2018 07:50 729 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 17-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу баштаган Агенттиктин кызматкерлери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарына инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча талкуу болду.

А.Кадырбаев Ош шаарынын 2016-2020-жылдардагы өнүгүү программасын аткаруунун алкагында инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү, инвестициялык климатты жакшыртуу Ош шаарынын мэриясынын негизги милдети экендигин жана бул багытта тийиштүү жумуштар аткарылып жаткандыгын билдирди.

“Азыркы учурда “Келечек” акционердик коомун, “ Ош-жашылча жемиш”, “ Ош Ак сүт” жана башка шаардагы токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү боюнча, “Кыргыз-текстиль” ишканасын, “Мурас” тигүү фабрикасын жана “ЖБИ-20” акционердик коомунун базасында эт иштетүүчү өндүрүштү, пленка менен желим түтүктөрүн чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизүү жана башка бир катар токтоп турган ишканаларга инвестицияларды тартуу, реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Сиздердин бизге келип токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, экспортко багытталган продукцияларды чыгаруу жана мамлекеттик жеке-өндүрүштүк  негизде долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча биргеликте иш алып баруу сунуштарыңыздарды Ош шаарынын мэриясы колдойт. Ошону менен бирге сиздер менен биздин тийиштүү жооптуу кызматкерлер тыгыз иш алып барат. Сиздерге айтарым ар бир өндүрүш ишканаларын тыкыр иликтеп, алардын жетекчилерине ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунушуңуздарды бериңиздер. Ишкерлер үчүн бизнес долбоорлорду түзүү кыйын болуп жаткандыктан бул багытта кеңеш берип, долбоорлорду даярдоо боюнча биргеликте иш алып барсак”,-деди шаар мэри А.Кадырбаев.

Өз кезегинде Ш.Адилбек уулу инвестициялык климаттын түзүлүшү аймактарга баланыштуу болгондуктан, региондордогу инвестиция багытындагы жумуштарды күчөтүү керектигин билдирди.

“Өлкөдөгү инвестициялык климаттын түзүлүшү аймактарга баланыштуу болот. Аймактардын инфраструктурасы, экономикалык абалы,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн инвесторлорго болгон мамилесине жараша болот. Ошондуктан бул багытта  иштерди тереңдетүү, күчөтүү максатында алгач Ош шаарына келдик. Биз жергиликтүү бийлик өкүлчүлүгүндөгү тийиштүү кызматкерлер, бөлүмдөр менен тыгыз иш алып барууну, аларга агенттик тарабынан ар кандай маалыматтарды, кеңештерди берүүгө даярбыз. Мындан сырткары ишкерлерге инвесторлорду табуу, продукциясын экспортко чыгаруу боюнча көмөктөшөбүз”,-деди Ш.Адилбек уулу.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13489



Добавить комментарий