18-апрель: нөшөрлүү жаан жаап, соңу карга айланат
18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12; Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз 5...10; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14; Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15; Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12; Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында 18-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 10...12 градуска чейин жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content13488
Добавить комментарий ×