Бишкек мэриясы Ала-Арча суусунун жээктерин бекемдеп жатат

4 май 2017 14:02 509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев Ала-Арча суусунун жээктерин бекемдөө жана Заводское кыштагындагы жолду түздөө менен иштеринин жүрүшү таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Район акими иштин жүрүшү менен таанышкан маалда «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы менен биргеликте дарыянын жээктерин бекемдөө иштерин активдештирүүнү жана суунун жээктерин дайыма көзөмөлгө алып туруу тапшырмасын берди. Бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content1345



Добавить комментарий