17-апрель: көп аймактарда жаан жаайт

17 апрель 2018 07:29 599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

17-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18; Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20; Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20; Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 16...18 градуска чейин жылуу болот.  

Ссылка: https://barometr.kg/content13443



Добавить комментарий