Кубанычбек Нурматов: сынга алган оңой, ӨКМны техника менен камсыз кылгыла
Бөлүшүү:
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигин техника жана зарыл болгон баардык нерселер менен камсыз кылгыла”,-деп билдирди бүгүн, 4-майда болгон жыйында парламенттин депутаты Кубанычбек Нурматов.
"Аюу айылда жер көчкүдөн каза болгондордун өлүмүнө баарыбыз күнөөлүбүз. Тынч отуруп алып ӨКМнын, өкмөттүн, гуренаторлордун ишин сынга алууга болот. Бирок кырсыкта каза тапкандарды кайтарып ала албайбыз. ӨКМнын техникасы начар, ал тургай көп кабаттуу үйлөрдө өрт өчүрүүгө мүмкүндүк жок”,-деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов.
Ал ошондой эле мындай кырсыктарга кабылбаш үчүн тез арада мажбурлап көчүрүү иштерин жүргүзүү боюнча мыйзам кабыл алуу керектигин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content1344
Добавить комментарий ×