Адамдын заңы кошулган жасалма атырлар сатыктан алынды

16 апрель 2018 11:34 963 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лос-Анджелестин полициясы адамдын фекалиясы кошулган контрафакт косметиканы сатыктан алды. Бул тууралуу ABC7 телеканалы кабарлады. 

Жасалма косметиканы Американын дүкөндөрүнө чыгарышкан.

Шаардын 21 соода жайына тинтүү жүргүзүлгөн. Полициянын ыкчам тобу жүргүзгөн изидөөдөн улам косметикалардан бактериялар жана адамдын заңы табылды.

“Эң мыкты баа-дайыма эле эң мыкты сунуш боло бербейт!”-деп жазды полициянын капитаны Марк Рейна "Твиттер" барачасына. Ал текшерүүнүн жыйынтыгына эмдигиче эле шок болуп жатканын жашыра алган жок.

 Аталган косметикалык парфюмду колдонгондор алардын терисинде бүдүрлөр чыгып, кычышып жатканын айтып арыз беришкенден кийин полиция текшерүүгө алган. Бирок жасалма порфюмдар сыртынан Urban Decay, NARS, MAC, Kylie Cosmetics by Kylie Jenner таанымал бренддеринен эч айырмаланган эмес. Жасалма продукциянын жалпы баасы 700 миң долларды түзөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13415



Добавить комментарий