Ханыша Елизавета IIни Мухаммед пайгамбардын түз урпагы дешүүдө
Британиянын королевасы Елизавета II Мухаммед пайгамбардын түз урпагы болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыз менен Елизавета II испан өкүмдарлары аркылуу байланышат. Бул тууралуу Times булагы кабарлады.
Мындай терориянын автору Британиянын королевасы Испаниянын мусулман өкүмдарлары менен тууган деп тастыктоодо. Бул падышалар аркылуу ал пайгамбардын түз тукуму болуп калат.
Өзүнүн сөздөрүн далилдеш үчүн автор монархтардын 40 муунуна чейин эсептеп чыккан. Мындай маалымат айрым мусулман өлкөлөрүнүн зор кызыгуусун пайда кылды.
Буга чейин да, тактап айтканда 1986-жылы мындай болжолун Гарольд Брукс-Бейкер аттуу окумуштуу айтып чыккан.Ал британиялыктар алардын ханышасында улуу пайгамбардын каны бар деген болжолун жарыялап келген.
Ссылка: https://barometr.kg/content13413
Добавить комментарий ×