16-апрель: нөшөрлөгөн жаан жаайт

16 апрель 2018 08:29 543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

 Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;

Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;

Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 16-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 13...15 градуска чейин жылуу болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13401



Добавить комментарий