Сирия боюнча ракеталык соккулар 50 мүнөткө созулду

14 апрель 2018 13:26 2474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сирия боюнча ракеталык соккулар 50 мүнөткө созулду. АКШнын Куралдуу күчтөрү чабуул жасоодо B-1 бомбалоочуларын колдонушту. Бул тууралуу Си-эн-эн каналы кабарлады. 

Сириянын ракетага каршы коргонуу күчтөрү 20дан ашык ракетаны кармап калышты.

Дамаск жана Хама провинциясында көптөгөн жарылуулар болуп жатат.

“Дамаскынын аэропорту чабуулга кабылган жок. Латакия, Тартус, Алеппо жана Хасеке шаарларынын мейкиндиктери дагы чабуулга кабылган жок”,-деп маалымдады Сириянын САНА улуттук агенттики.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13394



Добавить комментарий