Күтүүсүздөн миллионер болду, байлыгы 30 жыл колунда турган (видео)

13 апрель 2018 19:31 666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аял күн сайын бул шакекти тагынып жүргөн жана 30 жыл бою анын укмуштуудай баалуу шакек экенин билген эмес.  

1980-жылы ал эски буюмдарды саткан базардан 100 долларга жакын суммага шакек сатып алган. Шакек абдан жакшынакай жана өзгөчө болгондуктан аял ага кызыгып сатып алган. Ошондуктан 30 жыл бою колунан түшүрбөй тагынып жүргөн. Бир ирет ал бул эмне деген шакек болду экен деп кызыгып ювелирге кайрылган. Зергердин айткандары аялдын жашоосун түп тамырынан өзгөрттү.

«Business Insider» булагы кабарлагандай, шакек 19-кылымда жасалган жана 26 карат бриллиант менен кооздолгон.

Ювелир Джессика Уиндхэм  «Evening Standard» булагына бул шакекти көргөндө таң калганын жашыра албаганын айтты. Тактап айтканда ал миллион долларга бааланды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13378



Добавить комментарий