Аялдын тагдырына ал төрөлгөн ай кандай таасир берет? Январь.

13 апрель 2018 17:49 2119 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айрым элдердин байыркы ишенимдеринде адам кайсы айда төрөлсө анын мүнөзү жана тагдыры ошондой аныкталат деп айтылып келген. Бүгүн январь айында туулган айымдын мүнөзүн сыпаттайбыз.

Январь айында төрөлгөн айымдар лидер болушат

Бул айда төрөлгөн аялзаты өзүнүн айтканын бербеген, дымактуу болот жана баардык иште иреттүү жүргөндү жактырышат. Айланасындагы адамдар аларды муздак инсандар катары сезишет, анткени алар жеке сезимдерин, кыялдарын, каалоолорун кишиге көп айта беришпейт. Алар жөнөкөй карапайым үй-бүлөдө төрөлсө да ак сарайда чоңойгондой ак сөөк жана акылдуу, даанышман, чыдамкай келишет.

 Мындай айымдарда лиделик сапаттар жогору болгондуктан жашоосунда көп учурда бир топтун, мекеменин же компаниянын башчысы болушат. Жеке ишкерликте дагы алдына киши салышпайт, мырзалар менен тең жарышат иш алып барышат. Бирок тондоосун мүнөзүнөн улам көп душман топтоп алуулары мүмкүн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13374



Добавить комментарий