Улуу Жеңиштин урматына Бишкекте бир катар майрамдык иш-чаралар болот
Улуу Жеңиштин урматына Бишкекте бир катар майрамдык иш-чаралар болот 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 72 жылдыгына карата Бишкекте бир катар түрдүү майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
5-май күнү саат 16.00дө Жеңиш майрамына карата Россиянын “Гармония” маданият борбору тарабынан Жеңиш аянтынан Бишкек-Каракол багыты боюнча авто жүрүш уюштурулат.
6-майда саат 8.00 дө Жаш Гвардия проспектисиндеги эстеликтин алдында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилет.
Саат 10.00дө Талгат Бегелдиновдун эстелигинин алдында дагы митинг-реквием болот.
9-майда
Саат 10:00дө Түштүк магистралда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан өткөрүлгөн "Өлбөс полктун" жүрүшү башталат. Жөө жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш паркына чейин келип, иш-чара митинг-реквием менен уланат.
Саат 10.00 дө Өчпөс отко гүл коюлат.
Ал эми 10.45 де конокторго аскер тамагы берилет. Ушул эле учурда Шопоков көчөсүндө концерттик программа башталат.
Ал эми 12.00дөн 16.00 гө чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында митинг-реквием жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
10.00дөн 16.00 гө чейин шаардыктар менен авто сүйүүчүлөр унаа жарыш уюштурушат. 50 гө жакын машина "Бишкек" эркин экономикалык аймагы — Чыңгыз Айтматов проспектиси — Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөсү — Шабдан баатыр — Түштүк магистраль — Абдрахманов көчөсү — Абай көчөсүндөгү карылар үйү маршруту боюнча жүрөт. 21.00дө шаар тургундары менен коноктор эски аянт менен Мамлекеттик тарых музейиндеги фейерверкке күбө боло алышат. Бүгүнкү күндө Бишкектин социалдык коргоо органдарынын эсебинде 1499 ардагер каттоодо турат. Алардын 162си-согушка катышкандар, 21и - концлагердин туткундары, 14ү - Ленинград блокадасынын катышуучулары, 112си - тылда эмгектенгендер (майыптыгы барлар), 411и - тылда иштегендер (майыптыгы жоктор), согушта каза болгон 16 үй-бүлө, 212 майып жана 513 ардагерлер.
Ссылка: https://barometr.kg/content1336
Добавить комментарий ×