Тогуз-Тородогу алтын фабрикасынан эмне калды? (фото)

12 апрель 2018 15:42 771 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 11-апрелде Жалал-Абал областынын Тогуз-Торо районунда уюшкан топ "Джи Эл Макмал Девелопинг"  компаниясынын алтын алуучу фабрикасын өрттөп салган.   

Анан калса митингчилер өрт өчүргүчтөргө тоскоол болушкан. 

1 000ге жакын агрессивдүү адамдардын тобу завод толук күйүп бүткөнгө чейин күтүп турушкан.   

Barometr.kgнин кабарчысы бүгүн 12-апрелде өрттүн кесепттерин сүрөткө тартты.   

Окуя болгон жерге эртең менен барганда болгону заводдун аймагында урандылар калган, техника жана жабдуулар толук бойдон жок кылынган.

Бир нече адам заводдун аймагына кирип кабель уурдап жүрүшөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13335



Добавить комментарий