Инсульт болор адамда байкалган алты белги
Инсульт оорусу күтүүсүздөн болуп калышы ыктымал. Тилекке каршы, бул оору курак тандабайт. Инсульт мээде кан тамырлардын кан айлануусунун бузулушу жана кан тамырлардын жарылып кетиши, уюган кандын тамырды бүтөп калуусу. Эгерде сиз өзүңүздөн жана жакындарыңыздан бул белгилерди байкап калсаңыз, алдын алууңуз кажет жана милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз.
1. Жылмайган адамдын ууруту бир жагына кыйшайып калат. Инсульттун баштапкы учурунда адамдын ууруту кыйшайып, беттин бир жак булчуңдары иштебей калат.
2. Инсульт болор адамдын тили булдуруктап, мас абалдагы адамдай сүйлөп калат.
3. Тик турган абалында эки колду тең көтөрө албай калат.
4. Баш катуу ооруйт.
5. Адам көп уктап же тескерчисинче уйкусун качып, кызуу кандуу албууттанган абалда жүрүп калат.
6. Жогорудагы белгилердин баары сутканын бир учурунда кайра-кайра кайталанат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13302
Добавить комментарий ×