Аял түз эфир маалында мурдун жулуп салды (видео)

11 апрель 2018 16:30 1876 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британиянын жашоочусу Джейн Хардман  көрүүчүлөргө Вегенер гранулематоз оорусу аны кандай жагдайга салганын айтты. Аял таңкы This Time Next Year телешоусунда өзүнүн жасалма мурдун жулуп алганы видеону миңдеген колдонуучулар көрдү. Бул тууралуу Eg.ru. булагы кабарлады.

Оорудан улам Джейндин мурду түшүп калган. Бирок дарыгерлер ага косметикалык магнит мурун жасап берген. Аял көрүүчүлөргө мурдун жулуп алып кайра бекиткенин көрсөттү. Ал болгону чүчкүрөрдө гана кыйнала турганын кошумчалады. Анткени бир жолу аял чүчкүрүп жатканда мурду түшүп калган.

Вегенердин гранулематоз оорусу жогорку дем алуу органдарынын, көздүн, бөйрөктүн, өпкөнү жана башка органдарды жабыркатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13299



Добавить комментарий