Facebook ар бир колдонуучуга 17 500 доллар төлөп бериши мүмкүн
Эгерде сиз тууралуу маалыматты Фейсбук аркылуу уурдашкан болсо анда моралдык чыгым катары 17 500 долларга ээ болушуңуз толук ыктымал. Бул тууралуу FB News Post булагы кабарлады.
Мындай пикирлерди Cambridge Analytica менен болгон чуудан кийин юристтер маалымдашууда.
Укук боюнча профессор Морин Мэпп бул чатак Фейсбук үчүн 875 млрд долларга баалана турганын айтты. Ал эми компаниянын өзү мындан эки эсе аз - 465 млрд долларга бааланат.
Морин Мэпп “эгерде 50 миллион колдонуучудан ашык адамдардын маалыматы уурдалган болсо, алардын ар бири моралдык компенсанцция сурашкан болсо анда ар бири кишиге 17 500 доллар төлөнөт”,-деди.
Ал эми Slater and Gordon компаниясынын юристти Дэвид Бард “маалыматы уурдалгандар бир колдонуучу эң аз дегенде 700 доллар алат”,- деп билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content13245
Добавить комментарий ×