Жээнбеков Ататүрктүн мавзолейиндеги бейитине гүлчамбар койду

9 апрель 2018 20:41 625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапарынын алкагында  Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы  мавзолейге Даңк аллеясы менен барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк  мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерди.

Ошол эле жерден  Сооронбай Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13220



Добавить комментарий