Миллионердин сөөгүн шампан менен жууп, алтын табытка жаткырышты

6 апрель 2018 12:45 2465 Barometr
Бөлүшүү:
ok

33 жашында киши колдуу болуп каза тапкан миллионер Шерона Сухедонун сөөгүн туугандары эң кымбат шампан менен жууп, алтын табытка салып, алтын шөкөттөрү менен акыркы сапарга узатышты. Бул тууралуу The Daily Mail булагы кабарлады.

Эки баланын атасы Шерона Сухедону анын аялы Рейчелдин ата-энесинин үйүнүн жанында жеке унаасында өлтүрүп кетишкен.   

Шерона ири кыймылсыз мүлктүн ээси болгон жана кырсыктан жараксыз болгон унааларды кайра жасап сатуу менен бизнес кылган. Ага чейин миллионерге кол салуу болуп күзөт жалдап жүргөн, бирок каршылаштары акыры өлтүрүп тынды.

 Миллионердин жаназасында туугандары да аянтып калышкан жок, аны 50 миң доллар турган алтын табытка жаткырышып, 45 миң долларга алынган Moet & Chandon деп аталган шампан ичимдиги менен сөөгүн жуушуп, 100 миң доллардык алтын жасалгалар менен табытка жаткырышты.

Шерондун сөөгү крематорийге чейин 150 миң доллар турган Bentley унаасы менен жеткирилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13181



Добавить комментарий