7-апрелге карата кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат

4 апрель 2018 13:55 1173 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандыктар апрель айында үч күн катары менен эс алат. Тактап айтканда 7-8-9-апрель эс алуу күндөрү болмокчу.

 7-апрель Апрель элдик революциясынын күнү ишемби күнгө туш келет жана бул дата дем алыш күнгө дал келгендиктен мыйзамга байланыштуу эс алуу күнү 9-апрелге-дүйшөмбү күнгө жылдырылат.

Мындан тышкары апрель айында кыргызстандыктар 28-апрель (ишемби күн), 29-апрель жана 1-майда дагы үч күн катары менен эс алат.

Мындай график бюджеттик уюмдар менен беш күндүк жумуш күнү бар уюмдарга тиешелүү.

Ссылка: https://barometr.kg/content13103



Добавить комментарий